КҮН ЧУБАК
Тик багалбай тийген күндүн нуруна,
көз уялат башын ийе багынып.
Кирпиктердин арасынан шыкаалайм,
Нурдай жанган балалыкты сагынып.
Оо ал кезде ошол нурга оролуп,
Топуракка оонап ойноп торолуп.
Күн жаңырткан күлкү менен гүл ачкан,
сезим өстү, бойго жетип чоңоюп.
Секелектин эрке кыял сезими,
Күн чубактай дүйнө жарып чубалган.
Аалам тегиз канат каккан максаттар,
ошол таза чексиздикте уланган.
Максат бийик, а басаар жол чытырман,
ким билиптир тагдыр жолу татаалын?
Артка кайтпай жирөө азап-тозокту,
сабак тура жеңүү тагдыр катаалын.
Эми мынтип көз карыгып, чач бубак,
калсам деле тосуп алат күн чубак.
А мен карайм көрүнөбү балалык,
деген ойдо таттуу ойду бир чубап.
Кундузбү Маматова
Куку
Қиргизстан республикасы