БАКТЫЛУУ БОЛСОМ БОЛДУ
Аздыр- көптүр барактар жабылгандыр,
Бир илинчек өмүрдөн табылаттыр.
Бирдей күйүп отуз шам бара жатат,
Сыр куржунга келечек катылгандыр.
Бөксө тоолор кырынан ашып алгам,
Ачуу-таттуу даамын да татып алгам.
Жылдыз жанып көрүнөт тээ алыстан,
Мен да ага аттанып шашып алгам.
Жактырган мен жашоонун кылыктарын,
Терип алдым бир-бирден сыныктарын.
Тизип койсом чагылып көз уялат,
Жыйган дүйнөм өз-өзүнчө сылык баары.
Бир жеринен кармалып турса болду,
Бакыт коштоп, айланып жүрсө болду.
Зарыл болсо таратам менде барын,
Бул өмүрдө бактылуу болсом болду.
САГЫНЫЧ
Сары жорго токуп минет сагыныч,
Сага барчу жолду торойт таарыныч.
Күтүү менен таңдар атат, кеч кирет,
Күмөн саноом күм – жам болуп эскирет.
Жүрөк күйүп чокко, күлгө айланган,
Жүгөнү жок бир өзүңө байланган.
Аалам баткан мейкиндике сыйбадым,
Алтын сөздүн берметтерин жыйнадым.
Жакшы адамдар менден көптү күтүштү,
Жан дүйнөмдү жалгыз сөзүң үшүттү.
Эми күтпөйм, кездешүүгө акың жок,
Эргип сага ыр арначу акын жок.
МАХАБАТ
Көрө алдыңбы махабаттын бейишин,
Көл үстүнө ак куулардын келишин.
Сага, мага таандык болчу көрүнүш,
Баш тартканбыз ачпай туруп эшигин.
Эки башка жолдо бардык түтүнгө,
Тандап алып айлансак да бүтүнгө.
Бири кемдей толбой турду дүйнө-ай,
Татымдары арзыбады өмүргө.
Күйүп өчкөн маңдайымда жылдызым,
Куштар элем издеп таппай ый-муңум.
Катуу жааган жамгыр, өткүн өңдөнүп,
Кайра жанбас өмүрдөгү бир шамым.
Автор: Нускат Манкушева