ЭХ ДЕЙСИҢ АРГА ЖОКТОН
Оозу кыйшык болсо да,
Байдын уулу сүйлөсүн.
Бей бечара байкуштар,
Колду чаап сүрөсүн.
Эл байлыгын сугунган,
Ач көздөр турат жутунган.
Сөзү өтпөй бийликке,
Кайран элим улутунган.
Туш тараптан тап берип,
Кошуналар да коркутат.
Лаббай дешип мулуңдап,
Чоңдор оозун толтурат.
Калтаңдаган тар заман,
Жетишпеген жок жаман.
Эртеден кечке иштеген ,
Кайгысы көп чор таман.
Эптеп атын жазалбай,
Иштегенди каалабай.
Бай балдары жыргаган
Жугуму жок зар заман…
Куржун асып мойнуна,
Үй бүлө багыш оюнда.
Мигрант жүрөт талаалап
Сагыныч мол койнунда.
Арманы көп тар заман,
Колдо туруп,жок заман.
Жыргап жүрөт тойбогон,
Баягы эле беш каман.
МАМЕТОВА ЗУУРАБҮ АЛИМБЕКОВНА САНТА
Қиргизстан республикасы